Дубайда алтын уурдап жүргөн кыргызстандыктар кармалды
Бөлүшүү:
Дубайдын прокуратурасы Палм Джумейреде бир катар уурулук иштерди кылган деп төрт кыргызстандыкты айыптады. Бул тууралуу Khaleej Times кабарлады.
Аталган банда түн ичинде ээси жок болгон виллаларга кирип баалуу буюмдарды карактап кетип турушкан.
Негизинен алтын, акча жана электрондук түзүмдөрдү уурдашкан.
Кылмыштуу топ акыркы ирет 10 миң доллар, 500 дирхам жана баасы 151 миң дирхамдык Rolex сааттарын уурдап жатканда кармалышкан.
Сурак маалында алар Дубайга атайын уурулук кылыш үчүн барышканын моюндарына алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/dubajda-altyn-uurdap-zhrgn-kyrgyzstandyktar-karmaldy
Добавить комментарий ×