Дубайда 21 жаштагы кыргызстандык жумуш берүүчүсүн өлтүрүп, бетин балка менен талкалап салган
Бөлүшүү:
Дубайда Кыргызстандык 21 жаштагы жигит адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Gulf News агенттиги жазып чыккан маалыматка шитеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, Дубайда кыргызстандык 21 жаштагы жигит жумуш берүүчүнү өлтүргөн деп айыпталууда. Кыргызстандык жигит Al-Qwoz өнөр жай районундагы гаражда иштеген. Айыптоочу тараптын айтымында, 2020-жылдын июнь айында ал башчысынан үйүнө учуп кетүүгө уруксат сураган. Бирок жумуш берүүчүү ага уруксат бербей койгон, натыйжада уруш чыгып кетип, жыйынтыгы адам өлүмү менен аяктаган.
Бул тууралуу Кыргызстандын Дубайдагы консулуна чыгууга мүмкүн болгон жок. Жакынкы күндөрү толук маалымат беребиз.
Добавить комментарий ×