Достук каналына агып кеткен 5 жашар кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди

29 июнь 2018 19:40 1598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

27-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүндөгү үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н. аттуу кыз  Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга чөгүп кеткен деген маалымат “112” кызматына түшкөн. КР ӨКМнин №55 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 27-июнь саат 21:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.    28-июнь күнү саат 09:00дө кыздын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/dostuk-kanalyna-agyp-ketken-5-zhashar-kyzdyn-zhansyz-denesi-tabylyp-tuugandaryna-tkrlp-berildi



Добавить комментарий