Дональд Трамптын башкы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй кызматынан кетерин айтты

24 август 2020 11:57 905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй августтун соңунда Ак үйдөн кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын берген маалыматына шилтеме берип «Барометр» которду.

Бүгүн, 24-августта журналисттерге берген маалыматына ылайык, Ак үйдөн кетүү себебин үй-бүлөсүнө жетиштүү көңүл бура албай калгандыгына байланыштырат.

Маалыматта, Конуэй бул чечими тууралуу Трампка 23-август күнү билдиргени айтылат.

«Бул менин чечимим. Кийинчерек келечек пландарым тууралуу сиздер менен бөлүшөм. Азырынча менин кичинекей балдарым үчүн майрам, апасы жанында», - деди Конуэй

Муну менен катары эле Конуэйдин жолдошу да республикалык комитеттен кетип жаткандыгы тууралуу билдирген. Ал дагы бул чечимин үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүү максатында кабыл алганын айтты.

Белгилей кетсек Конуэй Дональд Трамптын эң ишенимдүү адамдарынын бири. 2016-жылдагы президенттик шайлоодо штабды жетектеген. Трамптын жеңиши менен дароо эле кеңешчиси болуп дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramptyn-bashky-keeshchisi-kellienn-konuej-kyzmatynan-keterin-ajtty



Добавить комментарий