Дональд Трамптын башкы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй кызматынан кетерин айтты
АКШ президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчиси Келлиэнн Конуэй августтун соңунда Ак үйдөн кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын берген маалыматына шилтеме берип «Барометр» которду.
Бүгүн, 24-августта журналисттерге берген маалыматына ылайык, Ак үйдөн кетүү себебин үй-бүлөсүнө жетиштүү көңүл бура албай калгандыгына байланыштырат.
Маалыматта, Конуэй бул чечими тууралуу Трампка 23-август күнү билдиргени айтылат.
«Бул менин чечимим. Кийинчерек келечек пландарым тууралуу сиздер менен бөлүшөм. Азырынча менин кичинекей балдарым үчүн майрам, апасы жанында», - деди Конуэй
Муну менен катары эле Конуэйдин жолдошу да республикалык комитеттен кетип жаткандыгы тууралуу билдирген. Ал дагы бул чечимин үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүү максатында кабыл алганын айтты.
Белгилей кетсек Конуэй Дональд Трамптын эң ишенимдүү адамдарынын бири. 2016-жылдагы президенттик шайлоодо штабды жетектеген. Трамптын жеңиши менен дароо эле кеңешчиси болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramptyn-bashky-keeshchisi-kellienn-konuej-kyzmatynan-keterin-ajtty
Добавить комментарий ×