Кыргызстанда доллардын курсу арзандап жатат
Жогорку Кеңештин жыйынында доллардын арзандап жаткандыгы тууралуу суроого Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жооп берди. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
“Доллардын курсунун арзандашынын бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсүп кетет. Биздин ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Бул учурда Улуттук банк курстун кескин өсүп кетпеши үчүн чара көрөт. Мындан тышкары акча которуулар деген тышкы факторлор бар. Ал дагы мезгил-мезгили менен болуп турат. Ошондой эле жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны көбөйөт. Экспорт көбөйсө дагы өлкөгө чет элдин валютасы кирет. Ушул факторлор сомдун курсуна таасир этет”, - деди Абдыгулов.
Учурда Улуттук банктын сайтында доллар 84,2 сом бойдон турат. Бул акыркы беш айдан бери эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-январынан бери Улуттук банк алты жолу валюталык интервенция жасаган. Беш айда каржы базарына жалпы 270 млн сом сатыкка чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/dollardyn-kursu-arzandap-zhatat
Добавить комментарий ×