Сомду кармап туруш үчүн Улуттук банк эң ири интервенцияны ишке ашырды

24 ноябрь 2021 14:17 3411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук банк бул айдын ичинде экинчи интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу аталган банкка шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

Бул ирет жасалган интервенция жыл башынан берки эң ири сатык болуп калды.

Баардыгы болуп Улуттук банк бул ирет 70,3 млн. долларды рынокко чыгарды.

2021-жылдын башынан бери Улуттук банк 11 ирет валюта базарына доллар сатты. Алардын жалпы суммасы 524 миллион 650 миң доллар болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды турукташтырыш үчүн интервенцияларды ишке ашырып турат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/somdu-karmap-turush-chn-uluttuk-bank-e-iri-intervenciyany-ishke-ashyrdy



Добавить комментарий