Дүйшеев: "Аба таппай, бир татым аба сурап каза болгондордон кечирим сурайбыз"
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дуйшеев коронавирустан каза болгондордон кечирим сурады. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Аттын кашкасындай таанымал акын Шайлообек Дуйшеев коронавируска кабылып ооруканалар албай койгондо, дем ала албай калган учурларды эске салып, көзү өтүп кеткендерден кечирим сурады.
“2020-жылдын июль айынын ушул акыркы күнү ушинтип силерди жоктоп, дагы бир жолу сыздап, боздоп, кѳз жашыбызды тѳгүп, арбагыңарга куран окуп калчу күн болуп калат деп үч уктаса түшүбүскѳ кирген жок эле. Кѳрсѳ бир ажалга миң ѳмүр да туруштук бере албайт экен. Ошон үчүн ажал улук деп коюшкан турбайбы. Ооруканалар албай Канттан Бишкекке, ал албай андан Фучикке, ал албай Гансиге, Ганси да албай аргабыз түгѳп турганда “алар албаса мен алам!” деп маңдайыбызда ажал турганда, айлабыз алты кетип, күндѳ эле эстей бербеген кудайды ошондо эстеп, чымындай жанын сактап кала кѳр деп, кайра-кайра жалынып, тыбырап турганда, арман-ай! Колуң менен кѳкүрѳгүңдү тыткылап, кармаарга эчнерсе таппай бет алдыңды тыткылап, машинанын олтургучун тыткылап. Аба таппай, аба сурап, бир эле дем алып алганга бир татым аба сурап, бир ууртам аба сурап, туулган жериңдин, Ала-Тооңдун, кыргыз жериңдин бир дем тартар абасына зар болуп, жан кыйган бойдон кете бергениңер үчүн дагы бир жолу силерден кечирим сурайбыз! Кудайдын абасын “алып” бере албаган алсыздыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз», - деп жазды Дүйшеев.
Ошондой эле, үй-бүлөсүн калтырып, күнү-түнү ооруканадан чыкпай, баардык күчүн бейтаптардын өмүрүн сактоого арнаган дарыгерлерге да токтолду.
“Арзыбаган айлык алып, ошол жыртылган линолеиум полун отуз жылдан бери сүртүп, жууп, тазалап келаткан санитарлар үчүн, ѳзүбүздѳн иш таппай, чет ѳлкѳлѳрдѳ далай жыл иштеп келген, мактоо, алкоо угуп келген, бирок ѳз жериндеги медицинанын начардыгынан колу-буту тушалып, силерди алып калганга илими-билими жеткен менен, оозу-мурдуңа коё койгонго кислороддук аппараты жетпей, дары-дармеги жетпей, жылыга сырдай берип ачылса жабылбай, жабылса ачылбай калган терезелерин тиктеп, кимди каргаарын билбей телмирип турган, силерди алып калалбагандыктары үчүн жүрѳгү канап, сыздап турган, ыйлап турган ак халатчан врачтар үчүн. 118 дегенге чала берип анысы албай тажаткан, алса келбей тажаткан, мамлекет уюштурду деген аты бар, бирок заты жок, жардамы тийбеген “тез жардамдар” үчүн, ооруканалар албай, медиктер кѳздѳн учуп, биротоло акка моюн сунуп калган кезде ажалдын оозунан эчен адамдарыбызды сактап калган боорукер ыктыярчы улан-кыздар үчүн, медиктерди сактай албаган түркѳйлүгүбүз үчүн, медициналык маданиятыбыз жок калкыбыз үчүн, медицинанын кадырына жетпей жаткан бечаралыгыбыз үчүн, дагы толгон токой кемчиликтерибиз үчүн бүгүн биз силерден, ушул Аза күтүү күнүндѳ силерден кечирим сурайбыз”, - деп сөзүн аяктады Шайлообек Дүйшеев.
Ссылка: https://barometr.kg/djsheev-aba-tappaj-bir-tatym-aba-surap-kaza-bolgondordon-kechirim-surajbyz
Добавить комментарий ×