Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, легендарлуу боксер Марвин Хаглер каза болду
Орто салмакта дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болгон легендарлуу америкалык профессионал боксер Марвин Хаглер 66 жашында көз жумду. Бул тууралуу TMZ басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Хаглердин уулдарынын бири басылмага билдиргендей, анын атасы 13-март, ишемби күнү үйүндө дем алуусу кыйындап, көкүрөгү ооруп, Нью-Гэмпширдеги ооруканага жеткирилген. Ооруканага жеткирилгенден 4 сааттай убакыт өткөндөн кийин, боксер каза болуп калган. Анын өлүмүнүн себеби азырынча аныктала элек.
Хаглер орто салмактагы боксерлордун тарыхында мыкты мушкерлердин бири болгон. Ал дүйнөнүн чемпиону титулун бир нече жолу жеңип алган. 1985-жылы "Жылдын мушкери" наамына татыган. 1993-жылы Эл аралык бокс залынын (IBHOF) мүчөсү, 1992-жылы Бүткүл дүйнөлүк бокс залынын (WBHOF) мүчөсү болгон.
Карлос Монсон жана Геннадий Головкин менен биргеликте, ал дүйнөлүк рейтингдин жогорку эшелонунда карьералык этаптын эң узун рекордун жеңилүүсүз сактап келген. Ал профессионалдык рингде 67 беттеш өткөргөн. Анын үч жеңилип, эки тең чыгуу менен 62 жеңиши (52 нокаут) бар.
Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-bir-neche-zholku-chempionu-legendarluu-bokser-marvin-hagler-kaza-boldu
Добавить комментарий ×