Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму холера оорусунун дүйнө жүзү боюнча жайылуу коркунучун эскертет

23 март 2023 09:55 1119 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму холера оорусунун күчөп жатышы коркунуч жаратып, глобалдык деңгээлде өтө жогору деп баалайт.Бул тууралуу аталган уюумдун сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Учурдагы кырдаалга, анын ичинде эпидемиялардын санынын өсүшүнө жана алардын географиялык кеңейишине, ошондой эле вакциналардын жана башка ресурстардын жетишсиздигине таянып, ДСУ глобалдык деңгээлдеги коркунучту өтө жогору деп баалайт", - деп айтылат ДСУнун баяндамасында. 


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 11-февралында холера боюнча глобалдык кырдаалга байланыштуу акыркы эпидемия жаңылыктары чыккандан бери, глобалдык кырдаал дагы начарлап, төрт жаңы өлкөдө эпидемия катталган.

Учурда жалпысынан 24 өлкөдө холера жугуштуу оорусу катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/djnlk-salamattykty-saktoo-uyumu-holera-oorusunun-djn-zhz-boyuncha-zhajyluu-korkunuchu-zhogoru-ekenin-eskertet



Добавить комментарий