Дүйнөгө белгилүү пластикалык хирург коронавирустан каза болду

11 январь 2021 10:37 1196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Популярдуу Беверли-Хиллздин пластикалык хирургу Пейман Симони коронавирустан көз жумду. Дарыгер пандемия учурунда да ишин уланта бергендигинен улам коронавирус жугузуп алган. Бул тууралуу TMZ сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Дүйнөгө таанымал америкалык пластикалык хирург Лос-Анджелестеги Сидарс-Синай ооруканасына жеткирилген, бирок, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. 

Маалым болгондой, Симони инфекцияны кардарынын оозун чоңойтуу операциясы учурунда жугузуп алган. Белгиленгендей, клиникага кардар болуп барган кыздын температурасы өлчөнүп, ал ден-соолугунун абалы жөнүндө анкета толтурган. Хирург операцияны жасап жатканда бейтап анын бетине жөтөлгөн. Бир нече күндөн кийин кыз Симонинин жардамчылары менен байланышып, коронавируска чалдыкканын айткан. Симони дароо өзүн өзү карантинге алган. Көп өтпөй инфекциянын белгилери, анын ичинде дем алуу көйгөйлөрү жарала баштаган.

Ооруканага жаткырылгандан кийин, 50 жаштагы Симонинин өпкөсү иштебей баштаган, дарыгер жасалма комага түшүп калган. Ал мээге кан куюлуп каза болгону айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/djng-belgil-plastikalyk-hirurg-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий