Дүйнөгө белгилүү италиялык футболчу Паоло Росси каза болду

10 декабрь 2020 09:29 3980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Италиялык мурунку футболчу, 1982-жылы футбол боюнча дүйнө чемпиону Паоло Росси 65 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, спортчу айыкпас дартка кабылып, аны менен бир канча жылдар боюу күрөшүп келген.

Росси 1956-жылы 23-сентябрда Прато шаарында туулган. Ал "Ювентус", "Комо", "Виченца", "Перуджа", "Милан" жана "Верона" клубдарында ойногон. 1982-жылы, Италия курама командасынын курамында, Дүйнө чемпиондугун жеңип, мелдештин бомбардирине айланган. Оюун учурунда ал катары менен алты гол киргизген. Ошол эле жылы, ал жылдын мыкты футболчусу үчүн "Алтын топ" сыйлыгын алган.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда дүйнөнүн футбол легендасы Диего Армандо Марадона 60 жаш курагында Буэнос-Айресте жүрөк оорусунан улам көз жумган. Аргентина бийлиги Марадонанын көзү өткөн күнү анын үйүндө нөөмөттө турган медайымга шалаакылык кылган деп шектелип, тергөө иштерин баштаган.

Ссылка: https://barometr.kg/djng-belgil-italiyalyk-futbolchu-paolo-rossi-kaza-boldu



Добавить комментарий