Дүйнөдөгү эң жогорку киреше тапкан спортчулардын тизмеси жарыяланды
Forbes журналы 2018-жылдагы эң жогорку киреше тапкан спортчулардын тизмесин жарыялады. Алардын сап башында теннистчи Серена Уильямс турат. Анын кирешеси 18,1 миллион долларды түздү. Деги эле алдыңкы 6 орунду теннис чеберлери алдыга киши салган эмес. Экинчи орунда Каролин Возняцки (13 миллион).
3) Слоун Стивенс (11,2 миллион ), 4) Гарбинье Мугуруса (11 миллион), 5) Мария Шарапова (10,5 миллион) жана Винус Уильямс (10,2 миллион). Ал эми 10-катардагы жогорку киреше тапкан спортчулардын 7-катарына бадминтонист Пусарла Венката 8,5 миллион доллар, 9-орунда жарыш боюнча спортчу Даника Патрик 7,5 миллион кирешеси менен жайгашты. Белгилей кетсек, Серена Уильямс үч жыл катры менен дүйнөдөгү эң кирешелүү спортсмендердин катарын бербей келет.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-zhogorku-kireshe-tapkan-sportchulardyn-tizmesi-zharyyalandy
Добавить комментарий ×