Дүйнөдөгү эң популярдуу браузер аталды
Дүйнөдөгү эң популярдуу барузер Google Chrome. Анын 3,258 миллиард колдонуучусу бар. Бул тууралуу ixbt.com сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Atlas VPN командасы кызыктуу статистиканы жарыялады. Эксперттер дүйнө жүзү боюнча ар кандай браузерлердин колдонуучуларынын санын эсептешти.
Адатта, браузердин колдонуучуларынын саны пайыз менен берилет, бирок Atlas VPN муну абсолюттук сандар менен берген . Atlas VPN изилдөөлөрүндө көрсөтүлгөндөй Google Chrome 2021-жылдын апрелине карата 3 258 256 887 колдонуучуга ээ болгон, бул Жердин жалпы калкынын 41% түзөт.
Safari 944,576 миллион колдонуучусу менен экинчи орунда. Ал эми Firefox 181,435 миллион колдонуучусу менен үчүнчү орунда. Андан кийин Microsoft Edge, Samsung Internet жана Opera турат.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-populyarduu-brauzer-ataldy
Добавить комментарий ×