Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллиондон ашты

29 сентябрь 2020 10:15 527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

29-сентябрь күнү жарыяланган Америкалык Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирустун кесепетинен дүйнө жүзүндө 1 миллиондон ашуун адам каза болду. Бул тууралуу аталган университеттин сайтына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 29-сентябрга карата 1 000 555 бейтап COVID-19 курмандыгы болду. Бул илдеттен каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда турат (205 миң). Экинчи орунда Бразилия (142 миң), үчүнчүдө Индия (95,5 миң) турат.

Дүйнөдө коронавирустук инфекцияны аныкталган учурлардын жалпы саны 33 273 720 адамга жетти. Көпчүлүк учурлар АКШда (7,1 миллион), Индия 6 миллион адам менен экинчи орунда, Бразилия үчүнчү орунда (4,7 миллион)

28-сентябрда ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге жаңы учурлар көбөйгөнүнө карабастан COVID-19дан улам каза болгондордун санынын азайгандыгын белгилеп жатат.

Ага чейин, ДССУнун өзгөчө кырдаалдар директору Майкл Райан вируска каршы вакцина массалык түрдө пайда болгуча коронавирустун кесепетинен 2 миллионго чейин адам өлөт деп айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/djnd-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-1-milliondon-ashty



Добавить комментарий