Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 28 миллиондон ашты

12 сентябрь 2020 10:01 576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-сентябрга карата дүйнөдө COVID-19 инфекциясын 28 миллион 331 миң 121 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 19 миллион 107 миң 362 бейтап айыгып чыкса, 913 миң 15 адам каза болду. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 443 миң 48 адамдан коронавирус аныкталды. 192 миң 968 адам каза болсо, 2 миллион 417 миң 878 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 562 миң 414 адамдан аныкталды. 76 миң 62 адам каза болсо, 3 миллион 542 миң 663 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 238 миң 446 адам вируска кабылган. 129 миң 522 бейтап көз жумса, 3 миллион 683 миң 47 бейтап оорудан сакайды.

Коронавируска чалдыккан учурлар дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин калыбына келген адамдардын саны 19 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 271 миң 806 адамга көбөйгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-zhznd-koronavirustu-zhukturup-algandardyn-sany-28-million-331-mi-121-adamga-zhetti



Добавить комментарий