Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою алына турган стипендияга татыды
Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою 20 миң сомдон ай сайын стипендия алат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетине шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүрүнүн аягына чейин стипендия алуу тууралуу өкмөттүн токтому 26-июнда чыкты.
"Мындай сыйды чоңдор арасында спорттун олимпиада түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондорунун баары алышат. Бүгүнкү күндө Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанда бул сыйга татыган жалгыз спортчу", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тыныбекова 2019-жылы Нурсултанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чепионатында жеңүүчү болуп, Японияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алган. Спротчу айым өмүрүнүн аягына чейинки стипендияны учурдагы ийгиликтери үчүн стипендия мөөнөтү аяктагандан кийин алып баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionu-mrnn-akyryna-chejin-stipendiya-alat
Добавить комментарий ×