Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова ат минип жүрөт
Кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону, кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова кичи мекени Нарындын Кочкор районуна барды. Кочкордун кен талаасында ат минип түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы баракчасына жүктөдү.
Айсулуу өзү билим алган мектебине барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш түрлөрүнөн дүйнө биринчилигинде 62 кило салмакта чемпион болду. Ал финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин’ди таза артыкчылык менен утуп алды.
Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күрөштө эң чоң жетишкендик болду.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionu-ajsuluu-tynybekova-minip-zhrt
Добавить комментарий ×