Дүйнө чемпионаты. Бразилия менен Швейцария тең чыкты
Бөлүшүү:
Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Бразилия жана Швейцария курама командалары күч сынашып 1:1 эсеби менен тең чыкты.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле бразилиялык Филиппе Коутиньо атаандаштарынын дарбазасына топ киргизди. Биринчи бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз аяктады. Ал эми экинчи таймда (50-мүнөттө) швейцариялык оюнчу Стивен Цубер да каршылаш дарбазага бир топ киргизип эсеп санын теңдеп өз командасын утулуудан куткарды. Жыйынтыгында 1:1 эсебинде оюн тең чыгуу менен аяктады.
Беттеш Ростов-на-Дону шаарында өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionaty-braziliya-menen-shvejcariya-te-chykty
Добавить комментарий ×