Дизель майы түгөндү. Ливандын ооруканалары бейтаптарды дарылоодон баш тартты
Ливандын ооруканалары электр иштеп чыгуучу генераторлордун отуну калбай калгандыктан улам бейтаптарды, анын ичинен коронавирус менен ооругандарды дагы кабыл албай турганын маалымдашты. Бул тууралуу Euronews булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган телеканал маалымдагандай, Ливанда оор экономикалык кризис болуп жатат, дарыгерлер өлкө бийлигинен жагдайдан чыгуунун жолун табууну өтүнүшүүдө.
“Генераторлор мынчалык чоң күч келүу менен иштей албайт, анан калса ооруканалар күйүүчү май издеп эле убакыт кетирип жатабыз. Ливанда дизель отунун сатып алыш кыйын болуп калды, тапсаң баасы асманды чапчыйт”,-деп айтты ооруканалардын биринин башкы дарыгери Фирас Абиад.
Электр энергиясын берүү Ливандын баш калаасында дагы күнүгө 4 сааттан эле болууда. Калган учурда генераторлор колдонулуп, мындан улам күйүүчү майдын тартыштыгы келип чыкты.
Ошондой эле өлкөдө дары-дармектер жетишпей жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/dizel-majy-tgnd-livandyn-oorukanalary-bejtaptardy-daryloodon-bash-tartty
Добавить комментарий ×