Дизайнер Дильбар Ашимова: Биз өз эмгегибиз менен сыймыктанабыз! (фото)

14 июль 2021 12:00 1352 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токио шаарында боло турган Олимпиадага барчу Кыргызстандын курама командасынын формасын даярдаган дизайнер Дильбар Ашимова аталган кийимдердин сүрөтүн социалдык баракчасына бөлүштү. Бул  тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Форма 13-июлда тааныштырылган.   

“Биз өз эмгегибиз менен сыймыктанабыз! Биз Кыргызстандын туусун сыймыктануу менен желбиретебиз”, - деп жазды Ашимова.

Форманын бир комплекти 95 миң сомдун тегерегинде болгону айтылды. Каражат КРнын Улуттук олимпиадалык комитетти тарабынан каржыланган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары аталган параддык форма тууралуу катуу сын-пикирлерин айтышып, талкууга алышты. Алардын арасында сакура гүлүн сындагандар болду, "форма артисттердин кийимине окшоп калыптыр" дегендер болду.







Ссылка: https://barometr.kg/dizajner-dilbar-ashimova-biz-z-emgegibiz-menen-syjmyktanabyz



Добавить комментарий