Мектептин директору: Дааратканага түшүп кетип каза болушкан балдар абдан тартиптүү эле
“Балдар тартиптүү эле, шоктугу жок балдар. Бирѳѳсү биринчи класста экинчиси жетинчи класста окушкан. Жакшы үй-бүлѳнүн балдары”, -деп Военно-Антоновка айылындагы мектептин директору Barometr.kg редакциясына кабарлады.
Эске салсак, Сокулук районунун Военно- Антоновка айылында ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болушкан. Бул тууралуу ИИМден билдирген.
Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 7 жаштагы бала кошунасынын дааратканасына түшүп кетип, аны 7-класста окуган агасы куткарууга аракет кылып, кошо кирип кеткен. Даараткана 8 метр тереңдикте болгондуктан,өспүрүмдөр чоңдор тараптан жардам болгонго чейин дем жетпей каза болушкан. Анын үстүндөгү тешик чоң жана эки тактай менен эле жабылган.
Ссылка: https://barometr.kg/direktor-baldar-tartipt-ele
Добавить комментарий ×