Мектептин директору: Дааратканага түшүп кетип каза болушкан балдар абдан тартиптүү эле

30 сентября 2019 13:33 2090 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

“Балдар тартиптүү эле, шоктугу жок балдар. Бирѳѳсү биринчи класста экинчиси жетинчи класста окушкан. Жакшы үй-бүлѳнүн балдары”, -деп  Военно-Антоновка айылындагы мектептин директору  Barometr.kg  редакциясына кабарлады.

Эске салсак, Сокулук районунун Военно- Антоновка айылында ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болушкан. Бул тууралуу ИИМден билдирген.

Маалыматка ылайык,  окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 7 жаштагы бала кошунасынын дааратканасына түшүп кетип, аны 7-класста окуган агасы куткарууга аракет кылып, кошо кирип кеткен. Даараткана 8 метр тереңдикте болгондуктан,өспүрүмдөр чоңдор тараптан жардам болгонго чейин дем жетпей каза болушкан. Анын үстүндөгү тешик чоң жана эки тактай менен эле жабылган.

Ссылка: https://barometr.kg/direktor-baldar-tartipt-ele



Добавить комментарий