Динара Багышбаева: Куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдиремин

11 август 2021 17:03 1602 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Актриса Динара Багышбаева куттуктоолор үчүн күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганын ”Барометр” маалымдайт.

“Куттуктоолор үчүн менин үй-бүлөмдүн атынан чын жүрөгүмдөн баарыңыздарга ыраазычылык билдиремин. Зерикпей, ичиңерди тар кылбай жакшы каалоо-тилектерди жазганыңыздар үчүн Аллах баарыңыздардан ыраазы болсун. Сиздерди жакшы көрөм”,-деп жазды актриса.

Эскерте кетсек, актриса, тамашоучу Динара Багышбаеванын 6-августта кыз узатуу тою болуп, Чыңгыз аттуу мырзага турмушка чыкты.

Ал 1992-жылы 26-майда Ош шаарында туулган, “Бунт”,”Кайнене”, “Супер келиндер” жана башка тасмалары аркылуу көрүүчүлөргө таанылган.

Ссылка: https://barometr.kg/dinara-bagyshbaeva-kuttuktoolor-chn-yraazychylyk-bildiremin



Добавить комментарий