Диетолог: лимон кошулган суу бардык ооруга даба дегендер жаңылышат

4 март 2020 09:46 1150 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Испаниялык диетолог Айтор Санчес лимон кошулган суу бардык ооруларга даба дегендер жаңыла турганын билдирди. Бул тууралуу La Vanguardia басылмасы жазды.

Ал лимон кошулган суунун пайдасы тууралуу айтылып, жазылып келгендердин көбү туура эместигин айтат. Дарыгер организмдин уулуу заттардан арылуусу кайсы бир продуктуларды жегенден эмес, боор менен бөйрөктүн иштешинен көз каранды экенин белгилейт.

Андан сырткары лимон кошулган суу иммунитетти көтөрбөйт жана онкологиялык оорулардын азайышын дагы шарттабайт. Санчес андыктан мындай суусундукту адаттан тыш жактыргандарга эскертүү берип, нормадан көп ичкен учурда тиштин эмалын бузарын белгилейт.

Ссылка: https://barometr.kg/dietolog-limon-koshulgan-suu-bardyk-ooruga-daba-degender-zhaylyshat



Добавить комментарий