Диетолог кимдерге картошка жегенге болбой турганын айтты

2 ноябрь 2021 18:20 1941 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык диетолог Артем Леонов кандай учурда картошка жегенге болбой турганын маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Картошканын гликемикалык индекси жогору болгондуктан аны көмүртек алмашуусу бузулгандар, канти диабети барлар колдонгонго болбойт.Андан тышкары картошка айрым адамдардын организиминде жашыруун аллергия дегенди пайда кылышы ыктымал”,-дейт Леонов.

Эксперт картошканы колдонууда ичегинин микробиотасы чоң роль ойной турганын кошумчалады.Жалпысынан диетологдун пикиринде аталган тамакты көп адамдар колдонот жана айрым учурда гана колдонууга тыюу салынат.

Ссылка: https://barometr.kg/dietolog-kimderge-kartoshka-zhegenge-bolboj-turganyn-ajtty



Добавить комментарий