Депутаттар спортчулардын кызматтык турак-жайы жөнүндө мыйзам долбоорун күн тартибинен алышты
Жогорку Кеңештин депутаттары спортчуларга мамлекет тарабынан тартууланган батирлерди менчиктештирүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кароону кийинки жылдырышты.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар КРдин Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоору жарандарга буга чейин алган турак-жайын мыйзамдуу түрдө менчиктештирип алууга мүмкүнчүлүк берүү ниетин көздөйт.
Демилгечилердин айтымында, өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекет тарабынан спортчулар менен башка тармактын өкүлдөрүнө турак-жай алган “убактылуу” гана берилген, себеби ал мыйзам менен жолго коюлган эмес. Аларга мамлекет батир бергени менен алар өздөрүнө каттата алышпайт.
Мыйзам долбоорун карап жатканда бир катар депутаттар каршы пикирин айтышкан, себеби документте “кызматтык” деген сөз кошулуп калган.
Айрым депутаттар “кызматтык” жана “өзгөчө эмгеги үчүн тартууланган” деген эки түшүнүк киргизүүнү сунуштады. Себеби, кызматтык үйлөр менчиктештирүүгө жатпайт.
Андан сырткары жыйынга катышып жаткан мэр Азиз Суракматов дагы аталган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирген. Ошентип депутаттар аталган мыйзам долбоорун күн тартибинен алып, кийинки жумада карай турган болушту.
Белгилей кетсек, мамлекет батирлерди эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргогон спортчуларга гана эмес, башка тармактын өкүлдөрүнө дагы берип келет. Буга чейин мамлекет олимпиадалык оюндарда байгелүү кайткан Канат Бегалиевге, Руслан Түмөнбаевге, машыктыруучу Эмил Алыкуловго, веложарышчы Евгений Ваккерге батир берген.
Эң акыркылардан болуп мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алган.
Добавить комментарий ×