Фото. Айсулуу Тыныбекова президентке: Мага бул белек өтө кымбат!
Кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону, кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова президент Сооронбай Жээнбековко терең ыраазычылыгын социалдык баракчасына жарыялады.
“Мага карата көңүл буруу жана сыйлык үчүн (Бишкек шаарындагы 3-бөлмөлүү батир) биздин улуу урматтуу президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичке терең ыраазычылык билдиргим келет. Мага бул белек өтө кымбат! Жакынкы келечекте Сиздердин үмүтүңүздөрдү актайм деген ишеничтемин!”, – деп ыраазычылык пикирин калтырды.
Эске салсак Тыныбекова чемпион титулуна ээ болгон, Жээнбеков балбан кызга батир белек кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/foto-ajsuluu-tynybekova-maga-bul-belek-t-kymbat
Добавить комментарий ×