Депутаттар президенттин милдеттерин аткарууну Садыр Жапаровго ыйгарышты
Бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин милдеттерин аткарууну Садыр Жапаровго ыйгарышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык президент мөөнөтүнөн мурда кетсе анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына ыйгарылмак. Бирок, Канат Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгына байланыштуу премьер-министрге ыйгарылды.
Депутаттар Садыр Жапаровго премьер-министрдин жана президенттин милдеттерин аткаруу ыйгарылганын айтып, жоопкерчиликтүү бийликти алып кете алат деген ишенимин айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-prezidenttin-mildetterin-atkaruunu-sadyr-zhaparovgo-yjgaryshty
Добавить комментарий ×