Депутаттар президенттин милдеттерин аткарууну Садыр Жапаровго ыйгарышты

16 октября 2020 11:29 1093 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин милдеттерин аткарууну Садыр Жапаровго ыйгарышты. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык президент мөөнөтүнөн мурда кетсе анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына ыйгарылмак. Бирок, Канат Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгына байланыштуу премьер-министрге ыйгарылды. 

Депутаттар Садыр Жапаровго премьер-министрдин жана президенттин милдеттерин аткаруу ыйгарылганын айтып, жоопкерчиликтүү бийликти алып кете алат деген  ишенимин айтышты.


Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-prezidenttin-mildetterin-atkaruunu-sadyr-zhaparovgo-yjgaryshty



Добавить комментарий