Депутаттар айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдоду
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик уюштуруу комитети айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.
Токтогазиевдин талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуш кылган.
Эл өкүлдөрү анын ден-соолугун сурап, батыраак сакайып кетишин айтышты.
Жыйынтыгында, депутаттар Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдошту.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда айыл чарба министри Эркинбек Чодуев өз арызы менен кызматынан бошотулду.
Добавить комментарий ×