Депутаттар айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдоду

21 октября 2020 18:01 850 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик уюштуруу комитети  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Токтогазиевдин талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуш кылган.

Эл өкүлдөрү анын ден-соолугун сурап, батыраак сакайып кетишин айтышты.

Жыйынтыгында, депутаттар Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдошту.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда айыл чарба министри Эркинбек Чодуев өз арызы менен кызматынан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-ajyl-charba-ministri-kyzmatyna-tilek-toktogazievdin-talapkerligin-koldodu



Добавить комментарий