Депутаттар социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок
Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок.
Жогорку Кеңештин жыйынына 65 депутат катышып, 9 эл өкүлү ишеним кат калтырган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Исмаилованын талапкерлигин 30 гана депутат колдоду.
Буга чейин, айрым депутаттар Исмаилованын вице-премьер-министр болуп иштеп жаткан июль айындагы ишине канааттанбай, коронавирустан миңдеген кишинин каза болуусуна анын да моралдык жоопкерчилиги бар деп сындашкан.
Эскерте кетсек, 27-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өз ыктыяры менен арызын жазып ээлеген кызматынан кеткен.
Добавить комментарий ×