Депутаттар социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок

28 октября 2020 13:53 2120 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок.

Жогорку Кеңештин жыйынына 65 депутат катышып, 9 эл өкүлү ишеним кат калтырган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Исмаилованын талапкерлигин 30 гана депутат колдоду.

Буга чейин, айрым депутаттар Исмаилованын вице-премьер-министр болуп иштеп жаткан июль айындагы ишине канааттанбай,  коронавирустан миңдеген кишинин каза болуусуна анын да моралдык жоопкерчилиги бар деп сындашкан.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өз ыктыяры менен арызын жазып ээлеген кызматынан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-aida-ismailovany-socialdyk-nktr-ministri-kyzmatyna-ishenim-krstkn-zhok



Добавить комментарий