Депутат жарандардын купуя маалыматтарын алуу ит бекер болуп калганына тынчсызданды

6 февраль 2020 10:55 671 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев учурда жарандардын купуя маалыматтарын 7 миң сомго эле сатып алса болорун парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Маматалиев бир жаран тууралуу маалымат билүү үчүн паспортунун копиясы гана жетиштүү экенин кошумчалады. Эл өкүлү андан тышкары премьер-министр 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүлө турганын айтканы менен андан майнап чыкпай жатканын, бүгүн 6-февраль болуп кеткенине токтолду.

"Мамлекет жарандардын жеке маалыматтарын сөзсүз түрдө коргош керек. Азыр эмне болуп жатканын айтып берем. 7 миң сом берип, телефон номерин берсеңиз ал кимге таандык экенин чыгарып берет. Бир айда кимдер менен сүйлөшөкүнүн, кайда жүргөнүн билсе болот. Мунун баары ачык. 7-8 миң сом берип, автоунаанын номерин берсеңиз анын ээси ким, кайсы камераларга түшкөнүн, керек болсо канча баласы бар, алар кайда жүргөнүнө чейин маалыматтарды берет", — деп депутат тынчсызданды.

Ал андан сырткары жеке нотариустар Мамлекеттик каттоо кызматынын, Социалдык фондунун жана Салык кызматынын маалымат базасына кире аларын айтып, паспорттун копиясы же пин код аркылуу эле бир кишинин купуя маалыматтарын толук чыгарып берерин белгиледи.

Андыктан жарандардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн мамлекеттик органды тезинен түзүү керектигин айтып, аны Жогорку Кеңештин алдында кылуу зарылдыгын айтты. Себеби көптөгөн мамлекеттерде мындай органдардын парламенттин алдында түзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zharandardyn-kupuya-maalymattaryn-aluu-it-beker-bolup-kalganyna-tynchsyzdandy



Добавить комментарий