Депутат: Төшөк кумары 3 саат болгону пайдалуу
Казакстанда подиумға жылаңач чыгып элге таанылган, Астана шаардык кеңешинин депутаты Динагүл Тасова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төшөк мамилесинин пайдасы тууралуу маалымат жарыялап талкууда калды.
“Секс-андреналин берүүнүн эң пайдалуу түрү. Бул учурда организм жүз пайызга кызматын жакшыртып, мээнин жакшы жумуш иштөөсүнө жол ачат. Мындай мамиленин пайдасы ушул гана эмес”,-деп жазган депутат, айым төшөк мамилесинин организмге тийгизген 24 пайдасын тизмектеп жазды. Алардын арасында ашыкча салмактан арылуу, кан айлануунун жакшырышы, кандагы холестриндин төмөндөшү, иммунитеттин бекемделиши, агрессия төмөндөй турганы сыяктуу пайдалар бар.
“Төшөктө 3 саат сайын мамиле курган пайдалуу”,-деп кошумчалады Тасова.
Анын бул жазганы социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынууда.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tshk-kumary-3-saat-bolgonu-pajdaluu
Добавить комментарий ×