Депутат: Прокурорлордун айлыгын 60-70 миң сомго чейин жогорулатуу керек
“Прокурорлордун айлыгы 12-18 миң сомдун тегерегинде-бул ыйларлыктай маяна”, - деп билдирди бүгүн, 22-июлда парламенттин жыйынында депутат Аккулу Бердиев. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.
Анын айтымында, прокурорлордун айлык маянасын жогорулатуу керек.
“Бюджетке Кумтөрдөн киреше кирип жатат, бюджет башка жолдор менен толукталууда. Айлык акыны алар таза иштеши үчүн 60-70 миң сом деңгээлине чейин жогорулатуу зарыл. Азыркы 12-18 миң сомдук айлык менен башка чараларды колдонуп жатышат”, - деп айтты эл өкүлү.
Ошондой эле депутат прокуратура жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр көбөйүп жатканын кошумчалады.
Ал башкы прокурордон текшерүүнүн алдында кандай негизде текшерип жатышканын суроону талап кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-prokurorlordun-ajlygyn-60-70-mi-somgo-chejin-zhogorulatuu-kerek
Добавить комментарий ×