Депутат өкмөткө: темирдей тартипти киргизүү бир гана силердин колуңарда

19 март 2020 12:38 1284 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов өлкөдө темирдей тартипти киргизүү бир гана өкмөт башчынын колунда экенин парламентте айтты.

“Темирдей тартипти киргизиш Мухаммедкалы Дүйшекеевич, Сиздин колуңузда. Биздин жарандардын жарандык жоопкерчилигине койгон өтө туура эмес. Ар бир жеке ишканага кире беришке санитардик тазалоочу каражаттарды коюуга милдеттендириш керек. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын алышыбыз керек”, — деди ал.

Депутат андан сырткары эгер ал 100 миң беткап алып, коркунуч болуп жаткан райондорго тараткыысы келсе аны кайдан аларына кызыкты.

“Кайдан сатып алам өз баасында. Ошто, Бишкекте тигилип жатат дегени менен таппай жатабыз”, — деди депутат.

Өз кезегинде премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек менен Ошто жергиликтүү өндүрүштөн үч күндөн бери беткап чыгып жатканын айтты.

“Биздин фармкомпаниялар алып биз бекитип берген баа менен сатып жатат. Эми акырын алып 15-20 сом кошуп саткандар болуп жатат. Азырынча ашыкча көп түрдө башкаларга сатканга мүмкүнчүлүк жок”, — деди.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 100 миң масканы азыр депутатка эч ким сатпайт турганын, аны заказ берип эле тиктириши керектигин билдирди.

“Ошто “Дастан стиль”, Бишкекте Эркин экономикалык аймакта бир компания тигип жатат. Андан сырткары беткапты тыштан алып келип жатабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда медициналык беткапка суроо-талап күч экенин, бирок таңкыстыкка жол берилбей турганын айткан. Ошондой эле ушул тапта бир кишиге үчтөн ашык беткап сатылбай турганын билдирген. Ал өкмөт бир беткаптын баасын 10 сомдон жогору көтөрүүгө тыюу салганын да маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kmtk-temirdej-tartipti-kirgiz-bir-gana-silerdin-koluarda



Добавить комментарий