Депутат Бакыт Төрөбаев Нурлан Насип жана Асель Кадырбекованы кыздуу болушу менен куттуктады

2 апрель 2019 11:15 2791 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери депутат Бакыт Төрөбаев ырчылыр Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын кыздуу болушу менен куттуктады. Куттуктоо сөзүн депутат социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

Депутат өз сөзүндө:

“Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованы ата-эне болушу менен куттуктайм.  Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында ырчылар Нурлан Насип менен Асель Кадырбековалардын үй-бүлөсү толукталып, кыздуу болушту. Учурдан пайдаланып, аларды чын жүрөктөн куттуктап, кызынын өмүрү узак, ден соолугу бекем болушун каалайм. Бала бул – жашоодогу ата-эненин таянычы жана келечекке болгон салымы болуп саналат.

Балдардын төрөлүш көрсөткүчүнүн көбөйүшү өлкөдө демографиялык жагымдуу кырдаалдын жакшырышын жаратат.
Статистикалык маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 42 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бир күндө орточо 200дөй бала төрөлөт.

90-жылдары орто эсеп менен аялдар эки бала төрөсө, азыркы учурда бул үч балага чейин көбөйдү. Албетте, бул көрсөткүч кубандырбай койбойт. Анткени, жаңы муун келечекти жаңыча көз карашта карап, өз салымын кошуп жатат.
Бирок, инфраструктуралык объектилердин жетишсиздиги (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар) өсүп жаткан элге жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарынын жоктугу демографиялык өсүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, -деген куттуктоосун айтты.

Ага кошумча биз балдардын билимине абдан чоң маани беришибиз керек. Анткени, балдар - бул өлкөнүн келечеги. Биз канчалык балдарга көбүрөөк салым кылсак, алардан ошончолук кайтарым көп болот деп кошумчалады.

Ал эми ырчы Нурлан Насип да өзүнүн ырахматын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bakyt-trbaev-nurlan-nasip-mennen-asel-kadyrbekovany-kyzduu-bolushu-menen-kuttuktady



Добавить комментарий