Ден соолуктун бузулуп жатышынан кабар берген көз оорулары

7 февраль 2022 10:42 6661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Көз адамдын жан дүйнөсүн көрсөтүп турган күзгү” деп коюшат, албетте мунун 100 пайыз чындыгы бар. Көз биздин ден соолугубуз тууралуу гана кабар бербестен олуттуу оорулар тууралуу маалымат бере алат.  Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет. 

Стресс

Катуу стерсс болуп жаткандын белгиси миокимия кыргызча айтканда көздүн тартышы болуп саналат.

Кабактын былкылдап кыймылда болуп жатышы ашыкча чарчоодо жана уйкунун канбай калышынан улам көздүн айланасындагы булчуңдар толук бойдон эс ала албай жатышынын белгиси. Миокимия туура эмес тамактануу, мангийдин жетишсиздиги жана В тобундагы витаминдердин жетишсиздигин улам келип чыгат.

Күтүүсүздөн көздүн көрбөй калышы

Эгерде көз күтүүсүздөн көрбөй калса бул инсульттан кабар берет.Мээге кандын агымы келбей калганда көрүүчү нервдердин байланышы үзүлөт.

Кабактын шишип кетиши  

Кабак шишип кетип жана акыркы үч күндө тарабаса анда тез арада дарыгерге кайрылуу керек, бул шишиктин болушунан кабар берет.

Диабет

Көздүн бүдөмүктөп начар көрүп калышы диабет оорусунан кабар бериши ыктымал. 

Холестериндин жогору болушу

Көздүн карегинде ак челдин пайда болушу холестриндин жана триглицериддердин (кандагы май субстанциялары) деңгээли жогорулап кетишинен кабар берет. Бул заттар жүрөк оорусуна жана инсультка алып келет.

Аллергия

Көздүн кургашы, анын айланасындагы теринин бозомтук тартышы жана көздөн жаш агуу- сезондук аллергиянын белгиси.

Жогорку кан басым

Көздүн сетчаткасында тамырдын жарылып кетиши кан басымдын жогору болушунан кабар берет. Ошондой эле буга конъюктивит (инфекция) же физикалык чыналуу себеп болушу ыктымал. Көбүнчө спортчу аялдар жана төрөт маалында көздүн кан тамырлары жарылып кетет.

Ссылка: https://barometr.kg/den-sooluktun-buzulup-zhatyshynan-kabar-bergen-kz-oorulary



Добавить комментарий