Ден соолугуңузду жана энергетикаңызды жакшырта турган 6 алтын эреже

27 июль 2021 13:59 8528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ден соолугуңузду жана энергетикаңызды жакшырта турган 6 алтын эреже бар. Бул эрежелелердин сактасаңыз ишиңиз жемиштүү жана кандай жагдайда болбосун ийгиликтүү болот деп эскертишет биоэнергетика жаатындагы адистер. Бүгүн Barometr.kg сиздерге аларды сунуштайт.

Кыймылда болуңуз!

Тескери энергетика адамда ооруну пайда кылат, ал эми ооруган адам бактылуу болбосу анык. Көп сандаган изилдөөлөр кыймылуу адамдар өзүнүн курбалдаштарынын катарында алда канча жаш көрүнөрүн көрсөттү. Күнүгө 20 мүнөт болсо дагы көнүгүү жасап, көп кыймылда болсоңуз, бул энергетикаңызды чыңдап жана оорудан алыс кылат.

Албетте бул эреже жаштар үчүн дагы актуалдуу. Жаш кезде канчалык кыймылдуу болсоңуз ошончолук улгайганда өзүңүздү жакшы сезесиз. Мындан тышкары интеллектуалдуу активдүүлүк менен дагы иштеңиз. Акыл эмгеги менен иштегендердин мээси жай картаярын изилдөөлөр көрсөткөн.

Туура эс алыңыз

Эс алуу бул адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Акыл эмгеги менен күч эмгеги алмашып турууга тийиш. Эс алуу учурунда дене кабылына келип, мээ болсо кудум компьютер сыяктуу перезагрузка болуп, кайра эс алат. Мунун ден соолукка жана энергетикага пайдасы зор.

Кечире билүүнү үйрөнүңүз!

Жан дүйнөдө негатив жашаган учурда биоталаанын күчүн төмөндөтөт, ал болсо учуру келгенде ооруларга алып келет. Жаман ойлор, таарынычтар, тынчсыздануулар адамдан ден соолугунун эң эле коркунучтуу душмандары.

Баарын токтоолук менен шашылбай жасаңыз!

Адам тынчы кетип, кабатырланып жана шашып жүргөндө анын жашоо тонусу ылдыйлайт. Баарын шашылбай, чымырканбай кылууга аракет жасоо керек. Адамдын күнүмдүк жашоосунда иш бүтпөй, бир мүнөт эс албаса бул анын ден соолугуна тескери таасирин берет. Акылмандар айткандай жашоо шаркыратмадай эмес, тынч аккан дайрадан болушу керек.

Оптимист адамдар менен достошуңуз!

Пессимизмдин кандай гана түрү болбосун коркунучтуу, анткени ал жан дүйнөдө көп кыйынчылыктарды пайда кылат. Мындай адамдардын жанындагыларга дагы анын жаман таасири тийет.

Окумуштуулар адам жагымдуу достор менен жүрсө анын ички сезимдери менен ишинин жемиштүүлүгү арта турганы далилдешкен.

Өзүңүзгө душман жана кыйынчылыктарды издебеңиз!

Көп адамдар бир нерсени далилдегиси келип бирөөлөр менен талашып тартышат, өзүнүн чындыгын алып чыгат. Чындыгы жеңсе жакшы, бирок жеңилип калса эмне болот? Мындай учурда абдан чоң стресс, агрессия пайда болот. Ошондуктан бирөө менен чатакташуудан мурда анын ден соолукка жана энергетикага тийгизген тескери таасирин эсиңизден чыгарбаңыз!

Ссылка: https://barometr.kg/den-sooluguuzdu-zhana-energetikayzdy-zhakshyrta-turgan-6-altyn-erezhe



Добавить комментарий