Декабрь айында организмге эң керектүү төрт азык

12 декабрь 2019 10:45 3314 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Декабрь айында өзүңдүн ден соолугуңа өтө кылдаттык менен мамиле жасап кам көрүшүң зарыл. Себеби, бул айда вирус жугузуп алуу коркунучу кооптуу жана анын кесепетинен бир нече күнгө төшөктө жатып калышың мүмкүн. Мындай кыштын күнүндө иммунитетти бекемдөөгө төмөнкү 4 азык жардам берет:

1.Курма

Декабрь айында дүкөндөрдүн текчесинен карасаңар курма пайда боло баштайт. Бул өсүмдүктү колдон келсе көбүрөөк сатып алып, дайыма колдонууга аракет кылыңыз. Курма-пайдалуу витаминдердин жана микроэлементтердин очогу. Курманын курамын көбүнчө С, Е жана РР витаминдерине бай. Бул витаминдер кыштын күнү ичеги карындын иштешине, дененин терисинин абалына жана чачтын ойдогудой болушуна көмөк көрсөтөт.

2.Анар

Анар өсүмдүгүндө эң негизги –С,Р,В6 жана В12 витаминдери камтылган. С-витамини суук тийип калуудан сактайт, витамин Р тамырларды бекемдейт, витамин В6 нерв системаларын бекемдейт жана В12 витамини кан айланууну жакшыртат. Анарды күнүгө пайдаланып жүргөн адам дайыма көнүлдүү маанайда болуп, өзүң ишенимдүү алып жүрөт.

3.Алмурут

Эмне үчүн алмурутту кышында жесе пайдалуу? Анткени алмурут көптөгөн клетчаткаларга бай, бул клетчаткалар организмден холестеринди чыгарат. Алмурут табигий антидепрессант болуп саналат. Алмурут организмдеги вирустар жана бактериялар менен күрөшүүгө жардам берет.

4.Клюква

Клюква-кышында эң пайдалуу жемиш. Ал көп өлчөмдө С-витаминине ээ жана антиоксидант. Клюквадан соус, джем жазаса болот. Жумасына бир жолу клюква жеп койсоңуз ден соолугуңуз боюнча көйгөйдү унутасыз.

Ссылка: https://barometr.kg/dekabr-ajynda-organizmge-e-kerekt-trt-azyk



Добавить комментарий