Дастан Жумабеков: "Атамбаев кааласам киши чогултуп баарыңарды ак үйдөн кууп чыкканга күчүм жетет деген"

12 июнь 2019 12:09 3963 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КР ЖКны төрагасы Дастан Жумабеков сүйлөп жатып Атамбаев тууралуу пикирин билдирди.

“Депутаттар биз коркпой үркпөй туруп эң негизги мыйзамды кабыл алып бербедикпи? Экс президенттердин конституциялык мыйзамын карап, өзгөртүү киргизип. Аларга силер 6 жыл бийликте турганда каалашыңарга мамлекетти узурпация кылып, тайраңдап бийлейсиңер, бирок 6 жылдан кийин элдик депутаттар, элдик саясатчылар чыгып ошол кемчилегиңерди алып чыгып силерди жазага тартат деген мыйзамды алып бербедикпи? Эгерде Сооронбай Шарипович корксо ар бир депутатыбызды чакырып, мени чакырып бул мыйзамдын кереги жок тарткыла десе ушул жерде палатадан эле ал мыйзам сынып калмак”, -деди төрага.

Ага кошумча Жумабеков:

“Эл шайлаган президент Кудайдан коркуп туруп аягында ошол мыйзамга да өзү кол койду. Биз муну жаап жашыра албайбыз. Алмазбек Атамбаев билип, көрүп турат. Бирок бүгүнку саясатын түшүнбөй турабыз. Балким айрымдар мени Атамбаевди сатып кеттиго деп айтышы мүмкүн. Мен ошолорго айтып коёюн, Алмазбек Атамбаевдин убагында 2017-жылы төрага болдум, рахмат. Мен эми ошол ишенимди акташ үчүн эл тарапта болом, мыйзамды сыйлаган төрага болом деп сөз бергенмин”, -деп Атамбаевди сатып кетпегенин кошумчалады.

Ага кошумча 2018-жылы Атамбаев менен жоолугуп өз оюн айтканын билдирди.

“Алмаз Шаршенович бул төрагалык кресло мен үчүн маанилүү эмес, мага эл, эл үчүн иштеген саясат маанилүү дедим. Анда ал мен кааласам киши чогултуп ак үйдөн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет деди. Мен жакамды кармадым да мен сизге кошула албаймын дедим. Менин сиз менен болгон саясатым ушул жерде токтойт деп айттым. Балким ошонун негизинде “чимкарик парламент” “бөжөңдөгөн төрага” деп айтып жатса керек”, -деди Жумабеков.

Төрага өз сөзүндө депутаттар баары элге, мамлекетке кызмат кылганга дайыма даяр экендигин баса белгилеп, жашыруун саясаттардын бетин ачууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov-atambaev-kaalasam-kishi-chogultup-baaryardy-ak-jdn-kuup-chykkanga-kchm-zhetet-degen



Добавить комментарий