Дастан Джумабеков: Клей жыттаган окуучуларга ким жооп берет?

13 март 2019 12:02 3672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк мектеп окуучулары базардан клей сатып алышып жана аны жытташат. Эмнеге Саламаттыкты сактоо министрлиги жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт. Мындай билдирүү менен бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Джумабеков чыкты.

“Азыр көп окуучулар «карба» сыяктуу препараттарды жана клейлерди сатып алып жыттап жатат. Балдар мындай препараттар организмге оңбогондой зыян алып келерин билишпейт да. Саламаттыкты сактоо министрлиги үгүт  иштерин жүргүзүшү керек эле, бирок биз силердин ишиңерди көрө албай жатабыз”,-деп билдирди ал.

Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев  жаштар арасында жакында түшүндүрүу иштерин жүргүзүү пландалып жатканын айтып жооп узатты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-dzhumabekov-klej-zhyttagan-okuuchularga-kim-zhoop-beret



Добавить комментарий