Кемин жаштарынын демилгеси менен 67 жыл мурун тартылган суу түтүктөрү жаңылана баштады

24 февраль 2021 10:20 1818 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Кемин шаарында 67 жыл мурун тартылган суу түтүктөрүн оӊдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров “Барометрге” билдирди.

Маалым болгондой, акыркы убактарда суу түтүктөрү жарылып, шаар тургундарына ыңгасыздык жаратып, керектен чыгып баштаган.

Ал эми, Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров ушул көйгөйдү 2017-жылдан бери көтөрүп келе жатат.

Мамыровдун айтымында, жаштар шаардык кеӊешке кайрылып, алар түзүлгөн комиссия менен бирге 10-февраль күнү келип, маселени жеринен көрүп кетишкен. Ошондо жергиликтүү бюджеттен жана фонддон оӊдоо иштерине каражат карала турганы айтылган. Көп өтпөй акча каражаты бөлүнүп, 17-февралдан тарта суу түтүктөрүн оӊдоо иштери башталганы кабарланды.

Кубат Мамыров 10 күндүн ичинде шаар таза суу менен камсыз болорун билдирди.

«Шаардык кеӊештин депутаттары болуп суу чарба ишканасынын имаратын оӊдоп, «Mercedes-Benz Sprinter» унаасын жана экскаватор алып бергенбиз. Тактап айтканда, элдик жыйында суу чарбага ушундай жардамдар керек экени айтылган.

Экскаваторду долбоор менен утуп алсак, «Mercedes-Benz Sprinter» унаасын «Кемин келечеги» коомдук фондунан каражат бөлүп, алдырганбыз. Эми буюрса 60 жыл мурун тартылган суу түтүктөрүн оӊдоп-түзөө иштери башталды», - деди ал.

Белгилүү болгондой, Мамыров 2017-жылдан тартып таза суу үчүн долбоор жазып, 6 млн евро утуп алган. Бирок, бериле турчу акча каражат пандемияга байланыштуу токтоп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-zhashtarynyn-demilgesi-menen-67-zhyl-murun-tartylgan-suu-ttktr-zhaylana-bashtady



Добавить комментарий