"Биз дем алгыбыз келет". Бишкекте абанын булганышына каршы марш өттү
Бөлүшүү:
Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө абанын булганышына каршы марш өттү.
Акциянын катышуучулары колдоруна “Биз дем алгыбыз келет”, “Таза аба үчүн”, “Тез арада чара көргүлө” деген плакаттарды көтөрүп алып Эркиндик бульварынан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө жүрүш жасашты.
Ошону менен катары эле, жөө жүрүшкө чыккан жаштар “Желим жакпагыла” деп кыйкырып да жатышты.
Акцияга болжол менен 100дөн ашуун адам чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/biz-dem-algybyz-kelet-bishkekte-abanyn-bulganyshyna-karshy-marsh-tt
Добавить комментарий ×