«Кемин ынтымагы» коомдук бирикмеси 500дөн ашуун үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып берди

1 февраль 2021 15:59 4763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кемин районунун жаштар комитети "Кемин ынтымагы" коомдук бирикмеси жардамга муктаж тургундарга Садыр Жапаровдун  атынан гуманитардык жардамды өткөрүп берди.

Бул иш-чара 2021-жылдын 31-январында Кемин районунун активисттеринин жана Кемин шаардык кеңешинин төрагасы Кубатбек Мамыровдун катышуусунда өттү. Жыйынтыгында Кемин районунун 550 жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, «Кемин райондук жаштар иштери боюнча комитети «Кемин ынтымагы» коомдук бирикмеси 2016-жылдан бери жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келе жатат.

«Кемин районунун жаштар комитети «Кемин ынтымагы» коомдук бирикмеси түзүлгөн мезгилден баштап бир топ коомдук пайдалуу иштерди жасады, анын ичинде:

   - Кыш мезгилинде көмүр таратуу;

  - Катуу оорулууларга жардам берүү үчүн акча чогултууну уюштурууга катышуу;

   - Ай сайын акча чогултуу жана аларды кийин муктаж болгондорго бөлүштүрүү;

   - Ооруканаларга жана башка саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам көрсөтүүдө араб кайрымдуулук уюмдары менен тыгыз кызматташтык.

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-yntymagy-koomduk-birikmesi-500dn-ashuun-zhardamga-maktazh-j-bllrg-azyk-tlk-taratyp-berdi



Добавить комментарий