Дашков 18-июлга чейин үй камагына чыгарылды

19 май 2021 18:30 1780 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

"Кыргыз Темир Жолунун" мурдагы башчысы Василий Дашков алдамчылыкка айыпталууда. Сот аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 18-майындагы чечими менен шектүү үй камагына чыгарылды. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылды.

Шектелүүчү В.А.Дашковго карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы 2021-жылдын 18-июль күнүнө чейин тандалды.

Эске сала кетсек, УКМК 2021-жылдын 8-январында “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы маалымдалган.  (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-б., 2-б.).

Ссылка: https://barometr.kg/dashkov-18-iyulga-chejin-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий