Бишкектеги ооруканада антибиотик алгандан кийин каза болгон кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

1 апрель 2021 16:23 4522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда антибиотик алгандан кийин каза болгон жаран медайымдарга дары-дармегин өзү алып келип берген. Бул тууралуу Ленин РИИБнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, окуя кече 31-март күнү кечинде болгон.

“31-март күнү саат 22:30 чамасында 1982-жылы туулган жаран, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дары-дармектерин көтөрүп келип, капельница сайып берип коюуну өтүнгөн. Медайымдар жарандын алып келген дарыларынан асма укол сайары менен ал өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп койгон. Медайымдардын көргөзгөн биринчи жардамына карабай бейтап ошол жерден көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттого алынып, тергөө иштери башталган.

Мындан тышкары, 40 жаштагы жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыктары жөнүндө кошумча маалымат берилерин милициядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, маалыматта медайымдар жаранга асма укол жасардан мурун антибиотиктерге сезгичтигин текшерүүнү жасаган же жасабагандыгы айтылган эмес. 

Ссылка: https://barometr.kg/darysyn-z-ktrp-kelgen-zhaldagy-baldar-oorukanasynan-kaza-bolgon-kishinin-lm-tuuraluu-zhay-zhagdajlar



Добавить комментарий