Коронавирустан дарыланган бейтаптар тууралуу онлайн программа иштейт

27 июль 2020 17:45 847 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус менен дарыланып чыккан бейтаптар боюнча маалыматтык программа иштеп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

“Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштейт, анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап боюнча маалыматтар камтылган: социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы, саламаттык сактоо уюмдарында киргизилет. Программа онлайн режиминде иштейт”, - деп билдирди ММК фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков.

Ал программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын өзү эсептеп чыгат. 

Бул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/darylanyp-chykkan-bejtaptar-boyuncha-maalymattyk-programma-ishtejt



Добавить комментарий